Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жаңы имаратка көчтү
Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү Корея Республикасындагы Кыргызстандын элчилиги жаңы имаратка көчүп, төмөнкү дарек боюнча иш алып барууда:
• Сеул шаары, Чонно-гу, Чонгун-донг, 53-57 (Чахамун-ро, 125-12)
• Seoul, Jongno-gu, Cheongun-dong 53-57, (Jahamun-ro 125-12)
• 서울 종로구 청운동 53-57 (자하문로 125-12).
Жаңы имарат Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, негизги метро жана автобус багыттарына жакын болгондуктан, Элчиликке жетүү кыйла жеңилдейт.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: +82 10 9527 9020 (өзгөчө кырдаалдар үчүн: +82 10 9798 0951)
