КР ТИМ
23 март
Черногориянын ТИМ башчысы расмий сапары менен Кыргызстанга келет
Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович 23-24-март күндөрү расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашат.
Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартиби, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.
