Ош мэриясы
20 май
Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкууланды
Күн мурун, 19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, КР Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле буга чейинки башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды.
Башкы план боюнча кийинки отурум июнда болот.
