Чолпон-Атада жол тескөөчүлөр өзүн начар сезген наристени ооруканага жеткиришти
видеодон алынган кадр
28 июль

Чолпон-Атада жол тескөөчүлөр өзүн начар сезген наристени ооруканага жеткиришти

Чолпон-Атада жол тескөөчүлөр өзүн начар сезген наристени ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, дене табы көтөрүлүп, абалы оорлой баштаган наристенин ата-энеси жол тескөөчүлөргө жардам сурап кайрылган. 

Кызматкерлер кызматтык автоунаа менен баланы коопсуз жана ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткиришкен. Натыйжада дарыгерлер тарабынан өз убагында зарыл медициналык жардам көрсөтүлгөн.