ИИМде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аппараттык кеңешме өттү
Бүгүн, 2026-жылдын 20-августунда ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине аппараттык кеңешме өткөрдү. Ошондой эле кеңешмеге министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө алдыда өтө турган чет өлкөлөрдүн президенттеринин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарларында, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык кастыкты козутууга түрткү болгон мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу иштерин күчөтүү, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык даярдыгын жана ыкчам аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Министр Улан Ниязбеков алдыда өтө турган иш-чаралардын маанилүүлүгүнө токтолуп, алардын жогорку деңгээлде, коопсуз өтүшүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле бул иш-чаралар өтүүчү аймактарда коомдук тартипти сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга ыкчам чара көрүү боюнча талаптар коюлду.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткарууну, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоону камсыздоо тапшырылды. Жарандарга сылык жана так кайрылуунун, калк менен иш алып барууда этикалык ченемдерди жана мыйзам талаптарын сактоонун манилүүлүгү белгиленди.
Алдыда өтө турган чет өлкөлөрдүн президенттеринин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарларын, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз жана жогорку уюшкандыкта өткөрүү максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
