Талас облусунда биринчи жолу “Беш-Таш” жаратылыш паркында аркан жол курулат
Талас облусунун тарыхында биринчи жолу президент тарабынна бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын негизинде, Талас районундагы “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор ишке ашырыла баштайт.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, долбоордун алкагында Zumsun менен расмий келишимге кол коюлуп, парк аймагында аркан жол (канат жолу) куруу боюнча иштерди баштоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталат. Долбоор аяктагандан кийин “Беш-Таш” эс алуу борборунда төмөнкү объектилер пайдаланууга берилет:
- Узундугу 1 380 метр болгон заманбап аркан жол;
- Айнектен жасалган байкоо аянтчалары;
- Кафе жана ресторан;
- A-frame үлгүсүндөгү эс алуу үйлөрү.
Мындан тышкары, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Талас шаарынан Беш-Таш эс алуу борборуна чейинки 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, долбоор үчүн зарыл болгон бардык инженердик жана транспорттук инфраструктура курулат.
Долбоордун кийинки этаптарында зиплайн жана родельбан сыяктуу заманбап көңүл ачуу объектилерин орнотуу да пландалууда.
Бул ири инвестициялык долбоордун ишке ашуусу менен “Беш-Таш” өрөөнү ички жана эл аралык туристтерди өзүнө тарткан, Кыргызстандын эң көрүнүктүү туристтик борборлорунун бирине айланат деп күтүлүүдө.
