Кыргызстанга ташылып келаткан 10 тонна газон чөбү киргизилген жок
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
28 июль

Кыргызстанга ташылып келаткан 10 тонна газон чөбү киргизилген жок

«Ак-Жол» фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда импорттолуп келген 10 тонна газон чөбү өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн автоунаанын мамлекеттик номери жүктүн иш жүзүндөгү автоунаасынын номери менен дал келбегени аныкталды.

Аныкталган дал келбестик Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык тиешелүү тартипте каралып, мыйзамда каралган чаралар көрүлдү.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча көзөмөл иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.