113 номерине дароо байланыша албай калдыңызбы? ММК фондунун шыр байланышы кандай иштей турганын түшүндүрөт
www
23 июнь

113 номерине дароо байланыша албай калдыңызбы? ММК фондунун шыр байланышы кандай иштей турганын түшүндүрөт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 шыр байланышы күнү-түнү, 24 саат бою иштей турганын маалымдайт. Ошол эле учурда айрым учурларда операторлорго түшкөн кайрылуулардын көптүгүнөн улам телефон аркылуу байланышууда кечигүүлөр болушу мүмкүн.

Күн сайын шыр байланышынын бир адисине жарандардан 130дан ашуун кайрылуу туура келет. Чалуулардын олуттуу бөлүгү жөн гана консультация берүүнү эмес, саламаттык сактоо уюмдарынын катышуусу менен кошумча иликтөөнү жана тактоону талап кылат.

Белгилей кетсек, кайрылуулардын 60 пайыздан ашыгы кыскача жооп берүү менен эле чектелбестен, ар тараптуу кароону талап кылат. Мындай учурларда операторлор:

• кырдаалдын жагдайларын тактоо жана маселени кароо иштерин уюштуруу үчүн медициналык уюмдардын жетекчилери менен өз ара иштешет;

• көрүлгөн чаралар жана мындан аркы аракеттер боюнча түшүндүрмө берип, кайрылган жаранга кайра байланыш уюштурушат.

Айрым категорияны жарандардын жекече кароону жана макулдашууларды талап кылган даттануулары түзөт. Орточо эсеп менен бир кайрылууну кароо жана иштеп чыгуу, анын ичинде медициналык мекемелер менен өз ара аракеттенүү, күнүнө 20–40 мүнөткө чейин убакытты талап кылат.

Кайрылуулардын эң көп түшкөн маалында байланыш линиясы ашыкча жүктөлүшү мүмкүн. Мындай учурларда IVR системасы жарандарга операторлордун убактылуу бош эместиги тууралуу маалымат берет. Эгер биринчи аракетте байланышууга мүмкүн болбой калса, бир аз убакыттан кийин кайра чалуу сунушталат.

Жарандар үчүн сунуштар 

ММК фонду шашылыш чечүүнү талап кылбаган маселелер боюнча (консультация алуу максатында) кайрылуулар үчүн төмөнкү маалымат алуу каналдарын пайдаланууга болоруна көңүл бурат:

• милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасындагы жарандардын укуктары;

• Мамлекеттик кепилдиктер программасы;

• ММК полисин алуу тартиби;

• медициналык кызматтардын жана дары-дармек менен камсыздоонун тизмеси;

• медициналык камсыздандырууга байланыштуу башка маселелер боюнча.

Операторлорго түшкөн жүктөм азайгандыктан, шашылыш чечүүнү талап кылбаган маселелер боюнча 19:00дөн кийин шыр байланышына кайрылуу сунушталат. Бул убакта адистер ар бир кайрылууга көбүрөөк убакыт бөлүп, кеңири маалымат бере алышат.

ММК фонду жарандарга түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана 113 шыр байланышына калк менен ыкчам байланыш түзүүнүн, ошондой эле камсыздандырылган жарандардын укуктарын коргоонун маанилүү куралы бойдон каларын эскертет.