Аламүдүн суусуна 35 жаштагы аял түшүп кетти. Издөө иштери уланууда
30 сентябрь

Аламүдүн суусуна 35 жаштагы аял түшүп кетти. Издөө иштери уланууда

Аламдүн районунун Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна болжол менен 35 жаштагы аял түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Кырсык 27сентябрда катталган.

Үч күндөн бери издеп-куткаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Бүгүн, 30-октябрда таң эрте издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 28 адам чыкты. Анын 5и Аламүдүн районунун куткаруучулары. Ал эми кечээ жалпы 30 адам тартылып, дрон менен изделген.

Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.