Бишкектин айрым аймактарында 2-октябрда таза суу жок болот
30 сентябрь

Бишкектин айрым аймактарында 2-октябрда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 2-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу жок болот, деп кабарлайт “Бишкексууканал” ишканасы

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

* Чүй проспектиси, М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси Ала-Арча дарыясына чейин,

* Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

"Белинский" суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.