BMW унаасын 18 жаштагы жигит башкарып бараткан. Манастагы жол кырсыгынын чоо-жайы
ЖКККББ
23 июнь

BMW унаасын 18 жаштагы жигит башкарып бараткан. Манастагы жол кырсыгынын чоо-жайы

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖККББ) Манас шаарында 23-июнда катталган жол кырсыгы боюнча маалымат беришти. 

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов кырсык тууралуу жазып, айдоочулардын бири жеринде каза болгондугун билдирген.

ЖККББдан жол кырсыгы болжол менен саат 03:30да Манас шаарындагы Курманбек көчөсү менен С. Качкынбаев көчөсүнүн кесилишинде катталгандыгын маалымдашты. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Базар-Коргон районунун 1980-жылы туулган Ж.Э.Э., аттуу тургуну өзүнүн «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаасын С. Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Курманбек көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунаанын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада эки унаа кагышып, жол кырсыгы орун алган.

Кырсыктын кесепетинен «Daewoo Tico» автоунаасынын айдоочусу Ж.Э.Э. окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Сузак районунун тургуну, 2008-жылы туулган А.Н.А. кармалып, Манас ШИИБинин тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. БМВ үлгүсүндөгү айдоочунун күнөөсү аныкталса, ал Кыргыз Республикасынын жаны мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.