Мэр Айбек Джунушалиев «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Арча-Бешик» конуштарынын тургундары менен жолугушту
16 июль

Мэр Айбек Джунушалиев «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Арча-Бешик» конуштарынын тургундары менен жолугушту

2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Арча-Бешик» конуштарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууларга шаардык кызматтардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.

«Ак-Ордо» жана «Ала-Тоо» конуштарынын тургундары инженердик инфраструктураны куруу жана өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Алар канализация жана суу түтүктөрүн куруу, жаратылыш газын жеткирүү, тротуарларды куруу, жолдорду асфальттоо, коомдук транспорттун каттамдарын жакшыртуу, социалдык объектилерди өнүктүрүү, ошондой эле жер маселелерине байланыштуу сунуш-пикирлерин билдиришти.

Шаар мэри конуштардагы инженердик тармактардын басымдуу бөлүгү мурда тургундардын өз күчү менен курулгандыгын белгилеп, бул жагдай бүгүнкү күндө алардын талаптагыдай иштешине терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Буга байланыштуу муниципалитет инфраструктураны системалуу өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

«Быйылкы жылы шаардагы бардык конуштарда суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу боюнча долбоорлорду даярдоону пландап жатабыз. Андан кийин бул долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырып, жолдорду жана тротуарларды куруу иштерине киришебиз», – деди Айбек Джунушалиев.

Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде борбор калаанын башчысы «Ала-Тоо» конушундагы талаш жер тилкесине барып көрдү. Бул жерде мурда курулган турак үйлөрдүн айынан башкы планда каралган жолду ачууга мүмкүнчүлүк жок экени аныкталды. Жеринде мэр тиешелүү кызматтарга түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун мүмкүн болгон жолдорун иштеп чыгууну, тургундардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоону, аталган тилкеде жашаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселесин кароону жана жолду ачуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

«Бардык тургундар мыйзам алдында тең укуктуу. Түзүлгөн кырдаал ар бир жарандын кызыкчылыгын эске алуу менен мыйзамдуу жана адилеттүү чечилиши керек», – деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу шаардык тиешелүү кызматтарга жана Ленин райондук администрациясынын башчысына тапшырылды.

Ошондой эле мэр Айбек Джунушалиев «Арча-Бешик» конушунун тургундары менен жолугушуп, анда жер маселелери талкууланды. Жеринде тиешелүү кызматтарга түзүлгөн жагдайды ар тараптуу иликтөө, ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө мыйзамдын алкагында комплекстүү текшерүү жүргүзүп, тургундардын мыйзамдуу укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Ошондой эле, бала бакча курууга каралган жер тилкеси каралды. Кароонун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө тургундардын сунуштарын карап чыгуу, аймакты туура пайдалануу жолун аныктоо жана долбоордук документтерди даярдоого киришүү тапшырылды. Карап чыгуунун натыйжасында бала бакча куруу же балдар аянтчасы бар коомдук эс алуу зонасын түзүү боюнча чечим кабыл алынат.