Садыр Жапаров «Бишкек Аренаны» Eminem`дин ырынын коштоосунда ачып, стадиондун кирешесин завод менен салыштырды
видеодон алынган кадр
5 октябрь

Садыр Жапаров «Бишкек Аренаны» Eminem`дин ырынын коштоосунда ачып, стадиондун кирешесин завод менен салыштырды

Бүгүн, 5-октябрда, Бишкекте «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи өттү. Ага болжол менен 50 миң көрүүчү катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун стадионго чыгышы америкалык рэпер Eminem`дин ырынын коштоосунда өттү. Мамлекет башчысы көрүүчүлөргө саламдашкандан кийин майрамдык программа башталды.

Аземде сүйлөгөн сөзүндө президент бүгүн анын командасы бийликке келгенине туура алты жыл болгонун белгиледи.

«Ушул алты жыл аралыгында оор абалда калган мамлекетибизди экономикада да, ички жана тышкы саясатта да бир нукка салып, туруктуулукка жетиштик», — деди президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, бул мезгил аралыгында Кыргызстанда мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жана маданий объектилерди кошкондо 1075 объект курулду. Мындан тышкары, 521 завод жана фабрика пайдаланууга берилди.

Президент жаңы стадиондун экономикалык маанисине да токтолду.

«Бул стадиондун курулушу аяктап, ачылышына даярдалып жатканда: “Мындан көрө завод же фабрика куруп койсо болмок” деген сыяктуу ар кандай пикирлерди окудум. Биз завод-фабрикаларды да куруп жатканыбызды жогоруда айттым — алардын саны 521. Алардын арасында бул стадион да бар. Ал орто же ири заводдон кем эмес киреше алып келет. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, бул жерде иш-чаралар биринин артынан бири өтөт», — деди Садыр Жапаров.

«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа даярдалды.

Көрүүчүлөрдүн стадионго жетүүсү үчүн Бишкек мэриясы атайын белгиленген пункттардан «Бишкек Аренага» чейин жана кайра акысыз автобус каттамдарын уюштурду.

Ачылыш аземи УТРК жана «Биринчи радио» телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлүүдө.