Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнө толук жаңыдан асфальт төшөлдү
Ош шаарындагы Раззаков көчөсү Масалиев кең көчөсүнөн темир жол өтмөкө чейин толук асфальтталып, бүгүн пайдаланууга берилди.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы жалпы жолдун жана тротуардын узундугу 3 чакырымга жакын, жолдун кеңдиги 28 метр.
Жолду пайдаланууга берүү иш-чарасына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар тургундары катышып, пайдаланууга берилген жолду жашоочулар менен бирге көрүп чыгышты.
