Президент Садыр Жапаров бүгүн элге кайрылуу жасайт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, түз эфирде элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчысынын кайрылуусу УТРК, ЭлТР жана башка телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт.
Түз эфир башталышы – 21.00.
