Курулуш талаптары сакталбаган соода түйүн: 200 000 сом айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кызыл-Адыр айылынын Талас-Тараз унаа жолунун №12 дарегинде жайгашкан курулуш материалдарын сатуучу соода түйүнүнүн курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды.
Аталган объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер толук сакталган эмес. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын курулуш мыйзамдарынын талаптарын жана ченемдерин одоно бузуу болуп саналат.
Натыйжада, К. Э. А. карата протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин талапка ылайык келтирүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат.
