Кызыл-Кыяда баңгизат колдонуп, сатып жүргөн топ кармалды
Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, мурда соттолгон Кызыл-Кыя шаарынын 53 жаштагы “И” аттуу тургунун текшерүү учурунда анын жанынан марихуанага окшогон 2 куту зат табылган.
Анын көрсөтмөсүнүн негизинде, Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы М.А. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар баңгизатына окшогон зат алынган. Мындан тышкары мурда сот жообуна тартылган Кызыл-Кыя шаарынын дагы бир 34 жаштагы У.У. аттуу тургуну да шектүү катары кармалды.
Алынган заттарга тийиштүү экспертиза дайындалып, жыйынтыгында 56 граммдан ашуун марихуана жана 4 граммдан ашуун конопля экени тастыкталды.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
