Бишкекте мечиттерде ымыркайды көтөрүп алып кайырчылык кылган факты боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө
20 август

Бишкекте мечиттерде ымыркайды көтөрүп алып кайырчылык кылган факты боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө

  • Милиция кызматкерлери «Instagram» социалдык тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда мечиттин ичинде намаз убагында колунда ымыркайы менен отуруп, жарандардан материалдык жардам сураган эркек кишинин видеосун аныкташкан.

  • Видеожазууда эркек киши ымыркайы катуу ооруп, дарыланууга муктаж экенин билдирген. Ошондой эле атасынын айтымында, баланын тамагында «тешик» бар экендигин айтып, жарандардан материалдык жардам көрсөтүүнү суранган.

  • Бирок жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бул маалыматтар тастыкталган эмес. Баланын ден соолугу чың экени, атасы айткандай эч кандай оорусу же патологиясы жок экендиги аныкталган. Тактап айтканда, баланын тамагында «тешик» бар экендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келген эмес.

  • Видеоматериалды жана ага жазылган комментарийлерди изилдөө учурунда аталган жарандын борбор калаадагы мечиттерде кайырчылык менен алектенип, намаз окууга келген жарандардан акча сурап жүргөндүгү тууралуу маалыматтар да алынган.

  • Бул факты белгиленген тартипте каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

  • Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери эркек кишинин өздүгүн документтештирип аныкташкан. Ал 1988-жылы туулган А.Ы. аттуу жаран болуп чыкты. Аны менен бирге 2026-жылы туулган уулу А.М. болгон.

  • Милиция кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аталган жарандын жашаган жерине барып, зарыл болгон текшерүү, профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле жашы жете элек баланын жашоо жана багуу шарттары изилденген.

  • Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында үй-бүлөгө жана балага тиешелүү бардык зарыл материалдар жана документтер мындан аркы иш алып баруу үчүн өз компетенциясынын чегинде тиешелүү социалдык коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

  • А.Ы. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин прим 1(Тилемчилик) ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

  • Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды этият болууга, материалдык жардам көрсөтүүдөн мурда берилген маалыматтардын аныктыгын жана аны тастыктаган документтердин бар-жогун текшерүүгө чакырат.