Онкологиялык дартка чалдыккан бейтапка акысыз берилчү дарыны 64 миң сомго чейинки баада сатышкан
Онкологиялык оорулар үчүн колдонулуучу дарыны мамлекет акысыз бергенине карабай, айрым бейтаптар сатып алууга аргасыз. Бул ошол дарыгерлердин жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүн.
Мындай маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев көтөрдү.
Айтымында, ага Алай районунун Боз-Караган айылынын Бекмуратова Айнур аттуу тургуну кайрылган. Ал 2020-жылы онкологиялык дартка чалдыгып, ошондон бери ар айдын 21инде Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунан “Мабтера” деген дарыны куйдуруп турат.
«Бекмуратованы дарылаган дарыгер аталган дарыны бир гана дарыканада сатылат дейт экен. А жаран 21 миң сомдон 64 миң сомго чейинки баада сатып алат. Элестетип көрүңүздөр, 4 жылда ай сайын ошончо баада дары сатып алганын. Мен Саламаттыкты сактоо министрлигине сурамжылоо жөнөтсөм, ал дары акысыз берилчү дарылардын тизмесинде экен. Муну дыкаттык менен текшериш керек. Бир эле дарыгер эмес, көп адамдардын катышы болушу мүмкүн – деди депутат.
