Жаңы автобекеттин аймагындагы асфальт-бетон катмары кайрадан төшөлөт
16 июль

Жаңы автобекеттин аймагындагы асфальт-бетон катмары кайрадан төшөлөт

Жаңы автобекеттин аймагында төшөлгөн асфальт-бетон жабуусунун төмөнкү катмарынын сапаты текшерилди.

Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт-бетон катмарында кемчиликтер аныкталып, белгиленген талаптарга жооп бербеген жагдайлар катталган.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында ишти аткарган уюм талапка жооп бербеген асфальт-бетон катмарын алып салуу иштерин жүргүздү. Учурда аталган аймакка сапат талаптарына жооп берген жаңы асфальт-бетон катмарын төшөө иштери аткарылат.

Аткарылган иштер кайрадан текшерүүдөн өткөрүлүп, сапаты талаптарга жооп берери тастыкталгандан кийин гана кабыл алынат.