Ат-Башы РИИБи алдамчылык фактысы боюнча шектүү жаранды кармады
Ат-Башы РИИБге Бирлик айылынын тургуну А.Т. арыз менен кайрылып, белгисиз жаран өзүн Д.М. деп тааныштырып, Ат-Башы айылындагы мал базардан ишенимге кирүү жолу менен 2 баш жылкыны 245 000 сомго алып, акчасын бир жуманын ичинде берерин айтып, бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй качып жүргөнүн билдирген.
Аталган факт Ат-Башы РИИБ тарабынан катталып, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран Ат-Башы районунда эле эмес, башка жарандарды да ушул сыяктуу жол менен алдап жүргөндүгү аныкталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталып, ал 1987-жылы туулган Н.Д. экендиги белгилүү болгон. Ал жаран Чүй облусунун аймагында изин жашырып жүргөн жеринен Ат-Башы жана Нарын РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кармалган жаран Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Ат-Башы райондук сотунун чечими менен 1 айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
