Көкөмеренге балык уулоого чыккан жарандын сөөгү табылды
Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыккан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Окуя тууралуу билдирүү 13-майда болжол менен саат 21:55те түшкөн.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпы 22 адам тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында дайынсыз адамдын сөөгү дарыянын жанында табылган (сууга чөккөн эмес).
