Көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди: тургундар жана уюмдар эмнени билиши керек?
29 октябрь

Көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди: тургундар жана уюмдар эмнени билиши керек?

Бишкек шаардык кеңеши көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелерди бекиткен.

Бишкек шаарынын аймагында жашаган ар бир жеке жана юридикалык жак ушул эрежелерди сактоого милдеттүү.

Эмнеге көңүл буруу керек?

  • Унааларды контейнер аянтчаларынын жанына токтотууга тыюу салынат. Бул атайын транспорттун таштанды челектерине жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча чыгарууга жолтоо болот;
  • Таштандыны 19.00 дөн 24.00 гө чейинки аралыкта чыгаруу керек. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын унаалары үчүн сутканын күндүзгү убагында КТКны ташып чыгуу өтө татаал. Андыктан шаарды тазалоо иштери саат 24:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт;
  • Унааңызды газондорго, жашыл аянттарга жана бак тигилген жерлерге таштабаңыз. Бул эрежени сактоо менен сиздер жашыл бак-дарактарды жана “Бишкекжашылчарба” МИнин жумушчуларынын эмгегин баалайсыздар;
  • Соода ишинин бардык субъекттери, ошондой эле ташуучулар (сатуучулар) товарларды, тамак-аш азыктарын ж.б. саат 19:00дөн саат 07:00гө чейин жеткирип берүүгө, түшүрүүгө, кабыл алууга тийиш.