ЖК Канатбек Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-марттагы жыйынында Канатбек Чыныбаевди Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Талкуу маалында депутаттар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүү маселелерин көтөрүштү. Анын ичинде аймактарда, айрыкча алыскы райондордо жаңы өрт-куткаруу бөлүмдөрүн ачуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жана натыйжалуу чара көрүү үчүн бөлүмдөрдү заманбап атайын техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу керектиги да айтылды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Канатбек Чыныбаевди Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берди.
