Күндүн табы 40 градуска жетет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, өлкөнүн айрым аймактарында абанын табы 40 градуска чейин көтөрүлө тургандыгын эскертти.
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-17-май күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин;
Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз.
