«Электр станциялар» ААКнын жаңы административдик имараты курулуда
14 май

«Электр станциялар» ААКнын жаңы административдик имараты курулуда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, Кара-Көл шаарында «Электр станциялар» ААКнын жаңы эки кабаттуу административдик имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул долбоор компаниянын башкаруу түзүмүн жаңылоо жана кеңейтүү максатында ишке ашырылууда.

Курулуш иштери тендердин жыйынтыгы боюнча долбоорлоо жана куруу иштерине жооптуу болгон «Ихтур-Юг» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери башталганга чейин жер участогунда толук инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү отчет түзүлгөн.

Ал эми жаңы имаратты куруу иштери 2024 жылдын сентябр айында башталган. Учурда курулуш иштеринин 70% пайызы бүткөрүлдү.

Жаңы заманбап стилде салынып жаткан административдик имараттын жалпы чарчы метри 984.6м² түзүп, 80-90 кызматкерге ылайыкташтырылган.

Имарат толугу менен бүтөрүлгөндөн кийин, жумушчулар үчүн баардык шарттар түзүлүп, иштөөгө ыңгайлуулук түзүлөт.

Бүгүнкү күндө жаңы жана эски имараттардын фасаддык иштеринин баары, ошондой эле негизги кире бериш галереясы бүткөрүлдү. Имараттын ичиндеги электр монтаждоо жана ички жасалгалоо иштери уланууда. Ошондой эле эски имараттагы кабыл алуу бөлмөсүнүн, эркек жана аял дааратканаларынын жана эки тепкичтин оңдоо иштери аяктады.

Курулуш толугу менен 2025-жылдын 30-августуна чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп пландалган.