Кегети капчыгайында унаа дарыяга түшүп кеткен: эки бала дайынсыз болууда
23 июнь

Кегети капчыгайында унаа дарыяга түшүп кеткен: эки бала дайынсыз болууда

Кегети капчыгайында жеңил унаа жардан кулап, дарыяга түшүп кеткен. Окуя 23-июнда катталган.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде болгон эки баланы суу агызып кеткен.

Чүй облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө-куткаруу иштерине 11 куткаруучу тартылган. Окуя болгон жерде учурда тергөө-ыкчам тобу да иш алып барууда.

Балдарды издөө жана кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иштер улантылууда.