«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда жактырылды
23 июнь

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 23-июндагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Азамжан Джалилов белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик башкарууну активдүү санариптештирүү шартында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты.

«Сунушталган өзгөртүүлөр эгерде жаран башкасын суранбаса, электрондук кайрылууга электрондук жооптун артыкчылыгын белгилейт», – деди.