Россиядагы мигранттар Кыргызстанга акча которуула чектөөлөргө кабылышууда
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов кыргыз бийлигин Россия тарап менен сүйлөшүүгө чакырды. Айтымында, Россия жергесине барган кыргызстандык мигранттар инфекциялык ооруларга кайра анализ тапшырышууда.
«Алар Кыргызстандан анализ тапшырып, дарыгерлердин корутундусун алып барышат. Бирок ал жакка баргандан кийин кайра анализ тапшырууга аргасыз болушат экен. Анткени, орус тарап кыргызстандык дарыгерлердин корутундусун жаратпайт», – деди ал.
Ошондой эле, мигранттар андан сырткары тапкан акчасын Россиядан Кыргызстанга айрым чектөөлөргө байланыштуу которо албай жатышканына даттанышканын да кошумчалады.
