«Бишкек Аренанын» ачылышына жарандарды 700 автобус акысыз ташыйт
Бүгүн, 5-октябрда, «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземине келе жаткан жарандар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акысыз коомдук транспорт уюштурулду. Шаар боюнча 700 автобус каттамга чыгарылды.
Жарандардын иш-чара өтүүчү жерге ыңгайлуу жана өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу максатында автобустар шаардагы 10 жерден «Бишкек Арена» стадионуна чейин жана кайра баштапкы багыттары боюнча каттайт.
Жарандарды стадионго жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Автобустар толушуна жараша, 4–6 мүнөттүк аралык менен жөнөп турат.
Акысыз автобус каттамдары төмөнкү багыттар боюнча уюштурулду:
1. №1 каттам: «Өчпөс от» (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү) – «Бишкек Арена» – «Өчпөс от».
2. №2 каттам: «Батыш автобекети» (Жибек-Жолу көчөсү – Кулиев көчөсү) – «Бишкек Арена» – «Батыш автобекети».
3. №3 каттам: «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32) – «Бишкек Арена» – «Киркомстром».
4. №4 каттам: «Асанбай» кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) – «Бишкек Арена» – «Асанбай» кичи району.
5. №5 каттам: «Ак-Кула» ат майданынын жанындагы автобекет– «Бишкек Арена» – «Ак-Кула» автобекети.
6. №6 каттам: «Аламүдүн-1» кичи району (Ауэзов көчөсү, 4) – «Бишкек Арена» – «Аламүдүн-1».
7. №7 каттам: «Көк-Жар» конушу (Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши) – «Бишкек Арена» – «Көк-Жар» конушу.
8. №8 каттам: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – «Бишкек Арена» – Т. Фрунзе көчөсү.
9. №9 каттам: Абдымомунов көчөсү, 220 – «Бишкек Арена» – Абдымомунов көчөсү, 220.
10. №10 каттам: Сухэ-Батор көчөсү («Глобус» соода борбору) – «Бишкек Арена» – Сухэ-Батор көчөсү («Глобус»).
