Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгууда эл аралык эксперттер көмөк көрсөтөт
Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев 27-февралда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлдөрү Алелекова Светлана жана Матсумото Дайки менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушуунун алкагында Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга багытталган долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралып, JICA тарабынан аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө көмөктөшүү жолдору талкууланды.
Шаар мэринин орун басары Ош шаарынын мэриясы үчүн Башкы план стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, шаар куруу тармагында эл аралык тажрыйбаны жана заманбап ыкмаларды колдонуу абдан маанилүү экендигин белгиледи.
