Ар бир аял төрөт үйүнө жаткырылганда эмнени билиши керек
20 май

Ар бир аял төрөт үйүнө жаткырылганда эмнени билиши керек

    Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертет: төрөт учурунда, кош бойлуулуктун татаалдашуусунда жана төрөттөн кийинки мезгилде ооруканага жаткыруу Мамлекеттик кепилдиктер программанын алкагында акысыз жүргүзүлөт.

    Төрөт үйүндө акысыз көрсөтүлүүчү кызматтар:

    • кош бойлуулук учурунда татаалдашуулар пайда болгондо ооруканага жаткыруу
    • төрөт (табигый жана операциялык, анын ичинде кесарево кесүү жана наркоз)
    • төрөттөн кийин 10 жума ичинде татаалдашуулар пайда болгондо ооруканага жаткыруу жана медициналык жардам көрсөтүү
    • зарыл медициналык кызматтар, анын ичинде лабораториялык анализдер жана изилдөөлөр (кымбат жана жогорку технологиялуу кызматтардан тышкары)
    • Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер тизмесинин негизинде дары-дармектер менен камсыздоо
    • медициналык буюмдар менен камсыздоо (шприц, система, пахта ж.б.)

    Маанилүү:

    • Тез жана шашылыш жардам бардык кош бойлуу аялдарга камсыздандыруу статусуна карабастан акысыз көрсөтүлөт.
    • Кош бойлуу аялдар үчүн бардык кызматтар мамлекеттик кепилденген пакетке кирет жана акы төлөөнү талап кылбайт.
    • Төрөт, операция үчүн расмий эмес төлөм талап кылуу – бул сиздин укуктарыңызды бузуу болуп саналат.

    Эгер укуктарыңыз бузулса, ММК фондуну 113 ишеним телефонуна кайрылыңыз (күнү-түнү, акысыз).