Камчыбек Ташиев сузактык молдого жаңы үй куруп берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-февралда Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевке жаңы үй куруп берди.
Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдолук кызматты аркалап келген. Ал өзүнүн жерине турак жай баштаганы менен, каражаттын жетишсиздигинен улам үйдүн курулушун толук бүтүрө албай калган.
Айыл тургундарынын кайрылуусун уккан УКМК төрагасы молдонун турак жай маселесин жеке көзөмөлүнө алып, үйдүн курулушун толук бүтүрүп берип, ачкычын тапшырды.
Айыл аксакалдары айыл молдосуна болгону колдоого Камчыбек Ташиевке ыраазычылык билдирип, батасын беришти.
