Кыргызстанда 1,4 млн. ашык жеңил автоунаа бар
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Кыргызстанда 1,4 млн. ашык жеңил автоунаа бар

2025-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,4 млн. ашык жеңил автоунаа бар. 

Улуттук статистика комитети билдиргендей, алардын саны 2025-жылдын 1 январына салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 191 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Чүй облусунун (калктын 1000ине 288 автоунаа), Бишкек шаарынын (260 автоунаа) туура келген.