Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь
Кыргызстанда автобустар жана таксилер 660 миллиондон ашык жүргүнчү ташыды
2025-жылы Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуунун негизги бөлүгү автомобиль транспортуна туура келип, автобустар жана таксилер жалпы ташуулардын 90 пайыздан ашыгын камсыздаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Жеке адамдарга таандык автобустар жана таксилер менен 381 млн жүргүнчү ташылган. Бул жалпы көлөмдүн 58 пайызын түзөт.
Ал эми адистештирилген автотранспорт ишканалары дагы 279 млн жүргүнчүнү ташып, жалпы көлөмдүн 42 пайызга жакынын камсыздаган.
Ошол эле учурда адистештирилген автобустар жана электробустар менен жүргүнчү ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге өскөн.
Жүргүнчүлөрдү эң көп Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттери ташыган.
