Манас шаарында жаңжал салган үч чет элдик жаран камакка алынды
Жалал-Абад ОИИБ
16 июль

Манас шаарында жаңжал салган үч чет элдик жаран камакка алынды

Манас шаарында жаңжал салган чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет. 

Окуянын видеосу 12-июлда интернетте тараган. 

Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодо чагылдырылган чет элдик үч жаран аныкталып, алардын өздүгү, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана окуянын бардык жагдайлары такталган.

Топтолгон материалдардын негизинде чет элдик үч жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп, Манас шаардык сотунун чечими менен камакка алынды.