Болот Чолпонбаев курулуш министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
Курулуш министрлиги
19 май

Болот Чолпонбаев курулуш министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Болот Чолпонбаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Ведомстводон кабарлашкандай, курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган биринчи орун басарды министрликтин эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Ал эми министрдин мурдагы биринчи орун басары Самат Жантелиев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.