Ош шаарында коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу талабы коюлду
Ош мэриясы
3 апрель

Ош шаарында коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу талабы коюлду

Ош шаарынын мэриясында бүгүн, 3-апрелде коомдук транстпорттук тейлөөнүү жакшыртуу маселелери боюнча жалпы жыйын уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жыйынга мэрдин орун басары Эрнис Толтоев жана шаардык кичи автобус маршруттук каттамдарын тейлөөчү жоопкерчилиги чектелген коомдордун жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы коомдук транспорттун учурдагы абалы, тейлөө сапаты каралып, жаралып жаткан негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Ошондой эле келечекте аткарылуучу пландар боюнча сунуштар айтылып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаарында 38 кичи автобустук каттам бар. Аны 22 жоопкерчилиги чектелген коомдор тейлейт. Шаардагы коомдук транспортту тейлөөнү уюштуруу жана көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.