Күзөт кызматы өз убагында жардам көрсөтүп, энени аман-эсен төрөт үйүнө жеткиришти
3 апрель

Күзөт кызматы өз убагында жардам көрсөтүп, энени аман-эсен төрөт үйүнө жеткиришти

2026-жылдын 2-апрелинде саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын Раззаков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Күзөт кызматынын ВМ полкунун ыкчам чара көрүү кызматынын экипажы жаранга ыкчам жардам көрсөттү.

Кызмат өтөп жаткан учурда милиция кызматкерлерине Р.А. аттуу жарандын атасы кайрылып, кызынын абалы оорлоп жатканын жана аны тез арада төрөт үйүнө жеткирүү зарылдыгын билдирген. Аталган кайрылуу дароо кабыл алынып, милиция кызматкерлери ыкчам аракет көрүшүп, аялды төрөт үйүнө коопсуз жана кыска убакыт ичинде жеткиришкен.

Натыйжада, келин төрөт үйүнө өз убагында жетип, дарыгерлер тарабынан керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жарандын атасы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, алардын ыкчамдыгын жана адамгерчилигин өзгөчө белгиледи.

Күзөт кызматы жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен катар, ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин эскертет.