Бишкек жана Татарстан муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө
Бишкек мэриясы
19 май

Бишкек жана Татарстан муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 19-майда Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, шаардык инфраструктураны көрктөндүрүү, коомдук транспорт маселелери, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын талкуулашты.

Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев шаарлар ортосундагы муниципалдык байланыштарды бекемдөөнүн жана ийгиликтүү тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен Бишкекке биринчи жолу келип жаткан жокмун. Татарлар менен кыргыздар бири-бирине абдан жакын элдер, жана бул жакка келүү биз үчүн ар дайым жагымдуу. Ар бир келген сайын Бишкек өзгөрүп, өнүгүп жатканын көрүүгө болот. Айрыкча бүгүнкү күндө шаар тез ылдамдыкта өнүгүп жатканы кубандырат. Муниципалитет — элге  жакын бийлик, ал эми шаар мэри болуу — чоң жоопкерчилик», — деп белгиледи Василь Шайхразиев.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кайсы өлкө болбосун жана мамлекеттик туусу кандай болбосун, муниципалитеттердин алдында жалпы милдеттер турарын айтты.

«Бардык муниципалитеттер үчүн тургундардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу приоритеттүү  багыт бойдон калууда. Бүгүнкү күндө кесиптештердин ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөө, мыкты тажрыйбаларды  ишке ашыруу өзгөчө маанилүү. Оң мисалдар болгондо шаарды өнүктүрүү жана иш алып баруу кыйла жеңил болот. Шаарлар ортосундагы тажрыйба алмашуу туруктуу өнүгүү үчүн чоң мааниге ээ», — деп белгиледи мэр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.