Ошто дагы бир заманбап сейил парк курулат
Ош шаарында дагы бир заманбап сейил парк курулат, деп билдирет мэриянын басма соз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Н. Исанов көчөсүндө мурда таштандыга айланып, узак убакыт каралбай келген аймакта заманбап сейил парк куруу иштери башталды.
Белгилей кетсек, шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде аталган аймакта буга чейин жайгашкан эски гараждар жана корук зонасына кирген мыйзамсыз имараттар алынып салынып, жер толугу менен таштандылардан тазаланды.
Жаңы сейил бактын курулушу менен жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Анда балдар үчүн оюн аянтчалары, жаштар жана улуу муун өкүлдөрү эс ала турган ыңгайлуу эс алуу бурчтары каралат. Бул сейил бак шаарыбыздын көркүн арттырып, таза жана кооз эс алуу жайына айланмакчы.
