Үйбүлө кодексине жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Мыйзам кыргыз каада-салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган.
Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык баланын фамилиясын кыргыз каада-салттарына ылайык төмөнкүдөй түрлөрдө жазуу укугу каралат:
– атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп же кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
– чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;
– чоң атасынын ысымы боюнча ага “тегин” деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.
