Ош шаарындагы 68 мечитте айт намазы окулду 
6 июнь

Ош шаарындагы 68 мечитте айт намазы окулду 

Бүгүн Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде айт намазга катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады.

Шаар башчысы ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык, бекем ден соолук болуп, өлкөбүздө, Ош шаарыбызда өсүп өнүү, тынчтык, бейпил турмуш болуусун каалады.