Бишкекке Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы келди
КР ИИМ
19 май

Бишкекке Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы келди

Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы бүгүн, 19-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Сапардын жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле ведомстволор аралык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.