Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгына Женалы Орозбаев келди
24 сентябрь

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгына Женалы Орозбаев келди

Женалы Орозбаев Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Экономика министрлигинен билдиришкендей, бүгүн аны министрликтин борбордук аппаратына тааныштырылды. 

Эске сала кетсек, Орозбаев буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.