Акыйкатчынын жаңы орун басары шайланды
Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары болуп Медербек Усаров шайланды.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Жаныбек Жоробаев аркалап келген.
