Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
24 январь

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл областынын Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. 

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн жер тилкелер толугу менен мамлекетке кайтарылды.