Франциялык делегация Кыргызстандын транспорттук потенциалын изилдөөдө
Транспорт министрлиги
19 май

Франциялык делегация Кыргызстандын транспорттук потенциалын изилдөөдө

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Турунбаев бүгүн, 19-майда «Alstom» француз компаниясынын өкүлдөрү жана Франция Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушууга Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, Казакстандагы Франция Элчилигинин экономика маселелери боюнча кеңешчиси Людовик Леа, «Alstom» компаниясынын Борбор Азия боюнча директору Жером Буайе, ошондой эле элчиликтин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл темир жол тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен байланыштарды жакшыртууга, ички темир жол инфраструктурасын модернизациялоого бурулду.

Ошондой эле, электрлештирүү жана сигналдаштыруу системаларын киргизүү, шаардык транспортту өнүктүрүү (Бишкек, Ош, Манас шаарлары) боюнча мүмкүнчүлүктөр каралды.

Француз делегациясы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен бир катар жолугушууларды өткөрүү, анын ичинде транспорт, каржы жана темир жол тармагындагы жетекчилер менен кызматташуу багыттарын талкуулоо ниетин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар транспорт жана инфраструктура тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилешти.