Курман айт. Кыргызстанда 27-майда КТБлар иштебейт
www
19 май

Курман айт. Кыргызстанда 27-майда КТБлар иштебейт

27-майда Курман айт майрамына байланыштуу Кыргызстандын аймагындагы бардык Калкты тейлөө борборлору (КТБ) иштебейт. Бул тууралуу 
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинен кабарлашты.

Жарандарга керектүү мамлекеттик кызматтарды алдын ала алып коюу же санариптик сервистерди пайдалануу сунушталат.

28-майдан тарта бардык КТБлар кадимки тартипте ишин улантат.

Эске салсак, көптөгөн мамлекеттик кызматтар Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн жеткиликтүү. Бул жарандарга КТБга барбастан эле кызматтарды алыстан алууга мүмкүнчүлүк берет.

Тиркеме аркылуу төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:
• электрондук кезекке жазылуу;
• ID-карта жана жалпы жарандык паспортко арыз берүү;
• электрондук кол тамганы алуу;
• жашаган жери боюнча онлайн каттоо;
• фамилияны, атты жана атасынын атын өзгөртүү;
• күбөлүктөрдү алуу жана кайталап алуу;
• онлайн маалымкаттарды жана көчүрмөлөрдү алуу.

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси жарандарды КТБларга барууну алдын ала пландап, санариптик кызматтарды активдүү пайдаланууга чакырат.