Ош шаарында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эки көчө пайдаланууга берилди
Жолдорду пайдаланууга берүү аземине ЖеңОш шаарындагы Гагарин (Демократ) көчөсү Жумабаев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейин ал эми Шамшиев көчөсү Абдуллаев көчөсүнөн Шакиров көчөсүнө чейин толук асфальтталып пайдаланууга берилди.
Мэриядан кабарлашкандай, көчөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймакка орун каралган.
Жолдорду пайдаланууга берүү аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышып, жаңы жолду жашоочулар менен бирге көрүп чыгышты.
Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жаз айынын башында рейддик кыдыруу учурунда шаардагы унаа тыгындар жоюудан аталган эки көчөнү ачуу маанилүү экендигин билдирип, капиталдык оңдоп түзөө боюнча тапшырмасын берген. Ага ылайык толук оңдолуп, пайдаланууга берилди.ишбек Токторбаев катышты.
